2024-жылдын жыйынтыгы менен “Айыл банк” өлкөдөгү каржы институттардын ичинен алдыңкы орунду ээледи. Буга кызматтардын жеткиликтүүлүгү, калкка пайызы төмөн насыя берүү жана команданын талбай кылган аракетинин аркасында жетишилди.
Өткөн жумада “Айыл банк” ачык акционердик коому былтыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып өнөктөштөрүнө отчетун берди. Соңку жылы банктын активи 157 миллиард 652 миллион сомго жетти. Акционерлердин капиталы болсо 16,5 миллиарддын тегерегинде деп белгиленди. Ал эми, кредиттик портфелинин суммасы 50 миллиард сомдон ашса, депозиттик портфель 119 миллиард сомду түздү. Банк былтыр 7 миллиард 261 миллион сомдук таза киреше тапкан.
Банк бүгүнкү күндө 12 багыт боюнча мамлекеттик программаны каржылап жатат. Бишкек шаарынын, Чүй облусун газдаштыруунун алкагында жыл ичинде 183 жаранга 24 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилген. Мындан тышкары, 22 миллион сомго 18 кардар банк аркылуу жеңилдетилген шарт менен ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган унаалуу болушту. “Айыл чарбасын каржылоо -12” программасына боюнча дыйкан фермерлерге 2,5 миллиард сомдук насыя берилди. Анын ичинен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө 4 миллиард сомдук каржылоо жүргүзүлдү. Ошондой эле, жыл ичинде лизинге 5 миллиард сомдой насыя берилди.
Каржы институту кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жана жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында санариптик чечимдерди киргизүүдө. Ага ылайык, Кыргызстанда биричи жолу электрондук шакек же билерик төлөм системасын киргизди. Жарандар аны банктык карточкалардын ордуна пайдалана алышат. Маалыматтык чип шакектин ичине жайгаштырылып, регистрациядан өткөндөн кийин гана жеткиликтүү болот. Калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда Айыл банк өлкөдөгү банктардын ичинен жарандарга үстөк пайызы төмөн ипотекалык насыяларды берүүдө. Мунун алкагында жыл башында пайыздык чен боюнча акция жүрүп жатат.
Банк кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн алуунун үстүндө дагы активдүү иштерди жүргүзүүдө. Жакынкы күндөрү “АБанк” тиркемеси ишке кирет. Ал жактан кардарлар банктын жана мамлекеттик органдардын бардык кызматын ала алышат. Мындан тышкары, “Зеро” тиркемеси дагы иштелип чыгат. Ал аркылуу тургундар каалаган буюмун бөлүп төлөө системасын менен ала алышат. Мындан тышкары, “Береке 2.0” тиркемеси иштеп жатат. Ал жактан ишкерлер бизнеске байланышкан кызматтарды ала алышат.