Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минстрлиги дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, үрөнчүлүк чарбалар даярдаган 30 пайыз жеңилдетилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрдү берүү каралганын билдирди.
Ага ылайык, дыйкандар жана чарбалык субъектер менчигинин түрүнө карабастан кеткен чыгымдын 30% жеңилдетилген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндөрдү сатып ала алат.
Жеңилдетилген шартта үрөндөрдү алуу үчүн дыйкандар;
1) Дотациялык үрөндөрдү алуу ниетин билдирген дыйкан райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өзүнүн байланыш маалыматтарын (почта дарегин, телефонун, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен дотациялык үрөн алууга жана мамлекеттик дотацияны берүүгө тиешелүү өтүнмө берет.
Өтүнмөгө төмөнкү документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркейт:
а) жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ, ИСН (бар болсо);
б) юридикалык жактар үчүн: юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, устав, жетекчини дайындоо жөнүндө чечим, жетекчинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жана ИСН (бар болсо);
в) жер участогунун бар экендигин ырастоочу документ (укук белгилөөчү жана/же укук күбөлөндүрүүчү документтер же ижара келишими).
2) Райондук комиссия дыйкандан келип түшкөн өтүнмөлөрдү карайт жана өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү аяктаган күндөн тарта 20 календардык күндөн кечиктирбей дотациялык үрөндү алуучулардын тизмесин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Толук маалымат алуу үчүн 0990 965 006 телефону аркылуу байланышсаңыз болот.