Бишкек шаарында таштандыны туш келди ыргыткандарга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, быйыл 100дөн ашык адам белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштаганы аныкталган.
"Жеке сектордун тургундары үй-тиричилик таштандыларды чыгаруу графигин сактабастан, борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузушууда. Белгиленбеген жерге таштанды таштагандар рейд учурунда же байкоочу камераларга түшүп калса жоопко тартылат", - деп билдирди мэрия.
Ошондой эле мэрия таштандыны белгиленбеген жерге таштаган жарандарга жалпы 572 миң сом айып пул салынганын, ал эми юридикалык жактарга салынган айып пулдун өлчөмү 1 миллион 530 миң сомду түзгөнүн билдирди.