Бишкек-Ош унаа жолунун 303-чакырымында жол кырсыгы катталып, айдоочу жана жүргүнчү көз жумду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Кабарлангандай, кырсык бүгүн, 14-мартта саат 15:50 чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун сол жак тарабына аласалып кеткен.
Анын кесепетинен унаа толугу менен күйүп, айдоочу жана жүргүнчү көз жумган. Азыркы учурда окуя болгон жерде жол тескөөчүлөрү жана тийиштүү кызматтар иш алып барууда.
Белгилей кетсек, бүгүн социалдык тармактарда "Бишкек-Ош жолунда кырсык катталып, унаа ичиндеги адамдар менен кошо өрттөндү" делген видео тараган.