Кыргызстандын мектептери 2025-жылдын 1-сентябрына чейин жалпы 2,5 миллион даана жаңы окуу китеби менен камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга 740 миллион сом бөлүнгөн. Бул окуу куралдары негизинен STEM-багытындагы сабактарды камтыйт.
Төмөнкү сабактар боюнча китептер даярдалат:
Мындан тышкары, 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери да сатып алынат.
Министр белгилегендей, бул аракеттер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуучуларды заманбап шартта билим менен камсыз кылууга багытталган.