Бишкекте 17 жаштагы скутер айдаган жигит жүк ташуучу унаанын алдында калып көз жумду (видео)

Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты шаардык милициядан тастыктады.

Окуя кечээ, 24-апрелде түнкү саат 21:50 чамасында Садырбаев көчөсү менен Кара-Коо көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда скутер менен келе жаткан өспүрүм алдында бара жаткан Mercedes унаасы токтогондо арткы сол жагына урунган. Ошол учурда ал оңго бурулуу жасап, артта келе жаткан ISUZU FVR340 үлгүсүндөгү суу ташуучу унаанын арткы дөңгөлөгүнө кирип кеткен.

Факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталды. Учурда зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалып, унаалар айып короого киргизилди.

25.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан