Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасында кыргызстандыктарга кайрылып, той-аштарда кошумчаны алтын менен берүүнү сунуштады.
Ал буга түрктөрдүн салтын мисал кылып, анын пайдасы көп экенин айтты.
"Биринчи алтын алып барсаң ага пайдасы тиет экен. Ал катып коёт да, качан кыйналган убакта алып сатат... Алтындын баасы бир калыпта тура берет. Алтын чирип кетпейт, сом же доллардай болуп жоголуп кетпейт. Мына, өлкөдө да ар кандай салмакта куюлган алтындар чыга баштады.
Баары бир бала төрөлгөндө, үй көргөндө көрүндүк беребиз. Той бергендерге бир жылкы же тай, торпок, кой берип жатабыз. Ошонун ордуна алтын берели деген пикирди айтып жатам. Алтын алсак, биринчиден, экономикага акча түшөт, экинчиден, бергендерге инвестиция болуп калмак.
Бул деген жөн эле пикир. "Албайм, тай же торпок берем" десеңер, бере бергиле. "Макоо, чимкирик экенсиңер" деп урушпаңыздар", - деди Түлөбаев.