Виртуалдык активдер жана блокчейн боюнча улуттук кеңеш түзүлдү

Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 3-майда кол койгон. Анда Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору түзүлгөн кеңештин катчылыгынын жетекчиси болуп саналары көрсөтүлгөн. Ал эми катчылык кеңештин чечимдерин ишке ашыруучу орган болот.

Улуттук кеңеш виртуалдык активдер, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүргүзүү, улуттук кызыкчылыктарды, эл аралык стандарттарды эске алуу менен жаңычылдык долбоорлорго дем берүү жана инвестицияларды тартуу максатында уюштурулган.

Кеңештин негизги милдеттери:

  • виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктоо;
  • виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу;
  • виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
  • өлкөдө виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүүгө чет өлкөлүк
    компанияларга көмөк көрсөтүү;
  • өлкөнүн экономикасын дүйнөлүк экономикалык процесстерге интеграциялоо;
  • чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу стратегиясы;
  • виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө инновациялык
    программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан