Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган чет элдик жаран "Манас" эл аралык аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1979-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Кытайда уруксат берилбеген товарлардын аткезчилиги боюнча эл аралык издөөдө жүргөн.
Шандунь провинциясынын полициясы жүргүзүп жаткан иликтөөнүн жүрүшүндө, бул жаран санитардык-карантиндик тастыктамадан өтпөгөн, эпидемиялык жактан кооптуу аймактарда тоңдурулган уй этин мыйзамсыз ташып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары аныкталган.
Шектүүнү кармоо Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын жана Интерполдун аракеттеринин натыйжасында ишке ашкан.
Учурда шектүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.