
Бишкек жана Ош шаарларында жаңы аэровокзалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы
Аскат Алагозов билдирди.
Эске салсак, ушул жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексин куруу үчүн мезгил кутусун салган.
Анын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт. Оштогу жаңы аэровокзал комплекси жер төлөсү менен эки кабат болуп курулуп, жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт.