29-майга карата аба ырайы

Эртең, 29-майда өлкөнүн дээрлик көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +6... +11, күндүз +22... +27 градус болот.

Аймактардагы абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8.. +13, күндүз +25 ... +30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10... +15, күндүз +25... +30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +8... +11, күндүз +18 ... +23;

Нарында түнкүсүн +4... +9; күндүз +18... +23;

Бишкекте жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн +11... +13, күндүз +27... +29 градус ысыйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан