"Клооптун" оператору менен мурдагы кызматкери эки суткага камалды

"Клооптун" оператору Александр Александров менен басылманын мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка камалды.

"Клооп" медиасы аларды УКМКнын Бишкектеги убактылуу кармоочу жайына киргизилип жатканын жазды. Алар "Массалык башаламандыктарга чакырган" деп шектелип жатат. Басылма ошондой эле кечээ, 28-май күнү кечинде атайын кызматта сурак берип жаткан "Клооптун" журналисттери Айдай Эркебаева менен Зыягүл Болот кызы жана редакциянын мурдагы кызматкери Зара Садыгалиева бошотулганын билдирди. Аларга карата эч кандай айып тагылган эмес.

Айта кетсек, 28-майда УКМК "Клооптун" учурдагы 3 кызматкерин жана басылмада мурда иштеген 2 кишини кармап, суракка алып кеткени маалым болгон. Алардын айрымдарынын үйүндө тинтүү иштери да жүргүзүлгөн. Атайын кызмат азырынча бул боюнча маалымат бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан