Бүгүн, 30-майда Ички иштер министрлиги транс улуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-майда милицияга чет элдик жарандын өлкө аймагында ири өлчөмдө прекурсорлорду мыйзамсыз сактоо, ташуу жана сатуу фактыларына тиешеси бар экени боюнча маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иш-чаралары башталган.
"27-майда атайын операциянын жүрүшүндө шектүү жаран 500 килограммга жакын күкүрт кислотасын 80 000 сомго сатып жаткан учурда кармалган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 482 килограмм 5 грамм болгон күкүрт кислотасы экени тастыкталды.
Шектүү делип Ош облусунун 60 жаштагы тургуну А.Э.А., чет өлкөлүк жарандар 50 жаштагы М.Г.М жана 47 жаштагы Р.И.Ш. кармалган.
Шектүүлөрдүн бири өз көрсөтмөсүндө кылмыштуу шериктери бар экенин билдирген. Алар Ош облусунун 28, 22, 30, 28 жаштагы тургундары экени такталып, тергөөгө алып келинген", - деп билдирди ИИМ.
Учурда кармалган жарандар Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.