Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кезектеги таңкы рейдди Көкүм-Бий көчөсүндө өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда калаа мэриясы билдирди.
Ага ылайык, мэр муниципалдык менчикке кайтарылган бала бакчаны кайрадан толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан имараттын курулушун көрүп, сапаттуу, ыкчам бүткөрүү тапшырмасын койду.
"Ошондой эле аталган көчөнү бойлой каналдын жээгинде корук аймагына курулуп калган курулуштарды, тосмолорду алып салуу иштерин тездетүүнү тапшырды.
Рейддин жүрүшүндө мындан сырткары калаа башчысы “Жапалак” автоунаа базарына барып, ал жерде жүрүп жаткан курулуш жана иретке келтирүү иштерин көрүп чыгып, базардын европа унаа катарын 14-июндан баштап ачып, унааларды кабыл алууну милдеттендирди", - деп билдирди мэрия.