Бүгүн, 3-июнь күнү Ош шаарындагы Улуттук драма театрында «Салам, Ош – 2025» II эл аралык көп тармактуу туристтик көргөзмө-жарманкенин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Көргөзмөнүн ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, соода-өнөр жай палатасынын жетекчисинин орун басары, туризм департаментинин директору, ошондой эле БУУнун өкүлү, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси катышты.
Көргөзмөгө Германия, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Кыргызстандын бардык облустарынан туризм тармагындагы уюмдар, мекемелер жана туроператорлор катышып, жайкы туристтик сезондогу даярдыктарын көрсөтүштү.
Фестивалдын ачылышында 50 комузчудан турган топ көчмөндөрдүн "Маш ботой" күүсүн аткарып, манас айтылды. Андан соң кыргыз кербени өтүп, салют атылды.
Салтанаттын ачылышында сөз сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүл Элчибек Жантаев бул көргөзмө Ош облусунун уникалдуу табигый жана маданий байлыктарын таанытууга, туризм тармагындагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Ачылыш аземинен кийин расмий коноктор көргөзмө-жарманкенин экспозициялары менен таанышып чыгышты. Анда айыл чарба, тамак-аш, кеңсе буюмдары, техника, курулуш материалдары, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдары, туристтик жана кол өнөрчүлүк товарлар, жогорку окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Көргөзмөнүн негизги максаттары:
- Регионго туристтердин агымын көбөйтүү
- Эл аралык жана жергиликтүү туроператорлор ортосунда байланышты чыңдоо
- Жергиликтүү тургундардын туризм тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу
- Региондун маданий мурасын жайылтуу
- Ички жана тышкы рынокко товарлар менен кызматтарды алып чыгуу
"Салам, Ош – 2025" фестивалы Ош облусундагы жаңы туристтик багыттарды өнүктүрүүдө маанилүү иш-чара болуп саналат. Көргөзмө эки күнгө созулат. Эртең, 4-июнь күнү, иш-чара Ноокат районундагы Кара-Кой жайлоосунда этно-туризм багытында уланат.