Бала бакчанын атын жамынган жашыруун баңгизат лабораториясы аныкталды

Бишкекте бала бакчанын атын жамынып, баңгизаттарды өстүрүп, даярдап, интернет тармактары аркылуу сатуу менен алектенип жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, элита сортундагы марихуана өстүрүүчү баңгизат лабораториясы "Растишка АВС" жеке балдар бакчасынын атын жамынуу менен иштеп келген. Тинтүү иштеринен кийин жалпысынан 19 түп жана 54 грамм гашиш баңгизаты, ошондой эле лабораторияга тиешелүү жабдыктар алынган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Натыйжада аталган жайды уюштурган делип 32, 45, 33, 40 жана 37 жаштагы жарандар кармалган. ИИМ алардын туугандык жана куда-сөөктүк байланыштары бар экенин белгиледи. Алар өндүргөн баңгизаттар сатыла турган болсо, анда кирешеси 25 миллион сомду түзмөктүгү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан