Азербайжан менен Черногориянын 21 жашка чейинкилер арасындагы курама командаларынын жолдоштук беттешинен кийин массалык мушташ чыкты.
Oxu.Az басылмасы жазгандай, чыр Черногория командасынын капитаны Виктор Цуканович азербайжандык футболчу Эмин Рустамовду түртүп жибергенден кийин чыккан. Окуя массалык мушташка айланып кеткен. Басылма тараптарды тынчтандыруу абдан кыйын болгонун белгилейт.
Айта кетсек, кечээ, 8-июнда Азербайжандын Сумгаит шаарындагы стадиондо өткөн беттеш 0:0 эсебинде аяктады.