Израил Ирандын негизги илимпоздорун жок кылганын билдирди

Израилдин Коргоо армиясы Ирандын өзөктүк программасын өнүктүрүүгө катышкан 9 негизги илимпоз жана эксперт жок кылынганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Израил тараптын маалыматына караганда, алар Ирандын долбоорунда маанилүү орунду ээлешип, өзөктүк куралдарды иштеп чыгуу жаатында ондогон жылдык тажрыйбага ээ болушкан.

Каза болгондордун арасында төмөнкү адистер бар:

Ферейдун Аббаси — өзөктүк инженерия боюнча эксперт;

Мохаммад Махди Техранши — физик;

Акбар Моталеби Заде — химиялык инженерия боюнча эксперт;

Саид Барджи — материал таануу боюнча адис;

Амир Хассан Фахахи — физик;

Абд аль-Хамид Минушехр — реакторлор физикасы боюнча адис;

Мансур Асгари — физик;

Ахмад Реза Золфагари Дарьяни — өзөктүк инженерия боюнча эксперт;

Али Бахуи Катирими — механика боюнча адис.

Израил белгилегендей, бул адамдар Ирандын өзөктүк программасын алдыга жылдырууда негизги ролду ойногон. Алар Израилдин чалгындоо кызматы тарабынан так жана ишенимдүү маалыматтардын негизинде жок кылынган. Так ушул маалыматтарга таянып, 13-июнда Израил аба күчтөрү Иранга сокку урган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан