Нурланбек Тургунбек уулу 14 балалуу үй-бүлөгө автоунаа белек кылды

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 14 балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Тургунбек уулу бул унааны жеке каражатына сатып алган жана өз үй-бүлөсүнүн атынан берди.

“Азыркы тапта калкыбыздын санын көбөйтүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыты болууда. Айрыкча келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен үй-бүлө институтун бекемдөө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүбүз кажет. Себеби биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ”,- деп билдирди парламент төрагасы.

Ошондой эле Тургунбек уулу Майрамбек Алыбаевдин үй-бүлөсү бардык кыргызстандыктарга үлгү экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан