Трамп өзүнүн смартфонун даярдап жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн жеке бренди болчу смартфонду август айында сатыкка чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Смартфондор жана уюлдук операторлор категорияларындагы Trump жана T1 бренддерин каттоого арыздар АКШнын Патенттик жана соода маркалары боюнча мекемесинин маалымат базасынан табылган. Жаңы смартфон Trump Phone деп аталып, байланыш оператору T1 болот деп болжолдонууда.

Аппарат анын медиа-империясы Trump Media компаниясынын бир бөлүгү катары иштелип чыгууда. Анын негизги максаты iPhone жана Android сыяктуу платформаларга альтернатива түзүү деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан