Өлкөдөн сыртка чыккан эмес... Иран лидери Хаменеи деген ким?

Израилдин Иранга кол салуусу менен башталган аба соккулары беш күндөн бери уланууда. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменеиге жасала турган куралдуу чабуулду токтоткону тууралуу маалыматтар тарады.

Али Хаменеи — Иран ислам мамлекетинин Рухулла Хомейниден кийинки лидери. Ал Хомейниден да узак убакыт бийликте болуп, ондогон жылдар бою Иран саясатына таасирин тийгизүүдө. Бул жолу Ирандын руханий лидери жана эң таасирдүү аятоллаларынын бири Али Хаменеи жөнүндө сөз кылабыз.

Сейед Али Хаменеи 1939-жылдын 17-июлунда Мешхед шаарында, азербайжан үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Анын атасы жана чоң атасы да диний кызматкерлер болгон. Балалык кезде аны Мешхеддеги диний мектепке беришкен. Андан соң 1957-жылы Нажафка, ал эми бир жылдан кийин Кумга кеткен. Кумда ал Рухолла Хомейни менен таанышып, ал жаш Алинин саясий көз караштарына чоң таасир тийгизген. Хаменеи ошол учурдагы Ирандын шахына каршы активдүү күрөшкө кошулган.

Ирандын жогорку лидери Хомейни өлкөдөн сүргүнгө жиберилгенден кийин да күрөштөн баш тарткан эмес, бул үчүн Хаменеи беш жолу түрмөгө түшкөн. 1979-жылдагы ислам революциясынын учурунда шах бийликтен кеткен. Ал эми Хомейни ислам режимин түзүп, бийлик дин адамдарынын колуна өткөн. Хаменеи да ошол дин адамдарынын бири эле.

40 жаштагы Хаменеи жаңы лидердин жакын адамына айланып, парламентке депутат болуп, коргоо министринин орун басары кызматын алган. Ислам Революциясынын Корпусун түзүүгө катышкан.

Руханий лидер болуусу

Ислам режиминин маанилүү фигурасына айланган Хаменеи 1981-жылы мечитте кол салууга дуушар болуп, оң колунан жабыркаган. Бул окуядан 4 ай өткөндөн кийин ал добуштун 95 пайызына ээ болуп, президент болуп шайланган.

Хаменеи президент болуп турган мезгил Иран менен Ирактын сегиз жылдык согушу менен коштолгон. Согушта болжол менен 1 миллион киши каза болуп, 2 миллион адам жарадар болгон. 1989-жылы Иран руханий лидерин жоготуп, 49 жаштагы Хаменеи Улуу Мекеме тарабынан бир добуштан Хомейнинин ордуна диний лидер болуп шайланган. Ал аятолла болуп жарыяланган. Хаменеи ислам режиминде жөнөкөй жана байкалбаган адам болгон. Эң маанилүү кадамы Иран-Ирак согушунан кийин Революция Корпусун күчөтүп, режим ичиндеги ордун бекемдеген. 1994-жылдан тартып "Улуу аятолла" титулун алган.

Али Хаменеи Ирандын Жогорку лидеринин ыйгарым укуктарын бир топ кеңейткен. Ал өзүнө парламенттин, президенттик администрациянын, министрлер кабинетинин, сот системинин, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун, ЖМКлардын, куралдуу күчтөрдүн, чалгындоо жана полиция органдарынын, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын жана бизнес коомчулуктун ишине көзөмөл жүргүзүү укуктарын ыйгарып алган.

2011-жылы Хаменеинин "ислам ойгонушу" деп атаган араб өлкөлөрүндөгү элдик көтөрүлүштөрү башталган. Бул көтөрүлүштөр Иран менен Сауд Арабиянын узакка созулган геосаясий атаандаштыгына өбөлгө түзгөн. Хаменеинин башкаруусунда Иран АКШ жана Израилдин аймактагы таасирине каршы "каршылык огу" түзүлгөн. Революция Корпусу аркылуу түзүлгөн бул түзүм Ирандын аймактык таасирин бир топ кеңейткен.

"Каршылык огу" үчүн маанилүү роль ойногон Иран Революция Корпусунун Кудс күчтөрүнүн командири Касем Сулеймани 2020-жылы Ирактагы АКШнын соккусунда өлтүрүлгөн. Хаменеи Сулейманинин жаназасында ыйлаганын ошол учурда медиа өкүлдөрү жазышкан болчу.

Ядролук программасы

Ирандын АКШ жана Батыш өлкөлөрү менен эң чоң көйгөйү ядролук программасы. Иран элди экономикалык жактан жеңилдетүү максатында Хаменеинин уруксаты менен 2015-жылы Батыш менен ядролук келишимге кол койгон.

Келишимде ядролук программаны энергетика менен чектөө жана алмаштыруу чараларынын этап-этабы менен жоюлушу каралган. Бирок 2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп аталган келишимден чыккан. Анын ордуна келген Жо Байден келишимди жандандырууга аракет кылган, бирок андан натыйжа чыккан эмес.

Буга чейин Хаменеи ядролук куралды өндүрүү, сактоо жана колдонуу исламга туура келбейт деген да фатва чыгарган. 2005-жылдын августунда бул фатва Венадагы МАГАТЭ жыйынында Иран өкмөтүнүн расмий билдирүүсүндө жарыяланган. Бирок мурдагы ирандык дипломаттардын айтымында, Хаменеи чалгын кызматтардын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүдө бул фатва "Иранда ядролук куралды иштеп чыгууга тыюу салбайт" деген пикирди билдирген.

Хаменеиге каршы нааразычылыктар

Хаменеинин узак мөөнөттүү бийлиги бир катар нааразылык акцияларына күбө болгон. Алсак, 2009-жылы Махмуд Ахмадинежаддын Хаменеинин колдоосу менен кайрадан президент болуп шайланышы менен башталган. Добуш берүүдөгү шек саноолорго байланыштуу башталган митингдер куралдуу күчтөрдүн катаал басымы менен басылган. 2017- 2019-жылдары экономикадагы кыйынчылыктарга каршы дагы нааразылыктар акциялары болгон.

2022-жылы болсо 22 жаштагы Махса Амининин туура эмес жоолук салынганы үчүн "ахлак полициясы" тарабынан кармалып, кийин каза болгону да нааразычылык акцияларын жараткан.

Амининин полиция зомбулугу менен өлгөнү тууралуу дооматтардан кийин башталган нааразылыктар өлкө аймагына тарап, бир нече айга созулган. Нааразылык учурунда Хаменеиге каршы ураандар да айтылган. Хаменеи Махса Амини боюнча нааразылыктар үчүн чет өлкөлөрдү күнөөлөгөн.

Байлыгы

Хаменеинин резиденциясы 1200 чарчы метр аянтты түзөт. Жергиликтүү басылмалардын айтымында, резиденциянын астында 60 метр тереңдикте 5000 чарчы метрлик бункер бар, ал ядролук соккону көтөрө алат. Оппозиция берген маалыматтарга ылайык, Хаманеинин үй-бүлөсүнүн Иранда алты резиденциясы бар.

Тегеранда аятолла Хаменеи 17 брондолгон унааны колдонот. Анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө эки Boeing 707, беш бизнес-учак Falcon жана беш вертолет берилген. Аятолланын жеке күзөт кызматы 400 адамдан турат, ал эми үй-бүлөсүн коргоого дагы 500 күзөтчү жооп берет.

Хаменеи менен анын үй-бүлөсүнүн жеке байлыгы тууралуу көп талаш-тартыштар бар. Мисалы, белгилүү иран режиссеру жана оппозициячыл Мохсен Махмалбаф 2009-жылы «Хаменеинин жашоосунун сырлары» аттуу макаласында анын байлыгы 36 миллиард доллар деп эсептеген, анын 30 миллиарды аятоллага, калган 6 миллиарды үй-бүлөсүнө таандык экенин жазган.

Америкалык басылмалар Хаменеи 96 миллиард долларлык бизнес-империяны башкара турганын билдирген. Бул изилдөө учурунда аятолла дүйнөдөгү эң бай адам болуп эсептелген. Анын байлыгынын негизги булагы — Setad компаниясы экени жазылган. Бул компания 1989-жылы Рухолла Хомейни тарабынан түзүлгөн, ал шахтын жана эски элиталар качкандан кийин калган мүлктү сатуу үчүн кызмат кылган. Азыр Setad мунай өндүрүү, кыймылсыз мүлк сатуу, контрацептивдерди өндүрүү менен алектенет.

Аятолла Али Хаменеи ондогон жылдар бою бийликке ээ болуп, өлкөдөн сыртка чыккан эмес. Ага жолугушуу үчүн атайын Иранга баруу керектелет.

Али Хаменеи 1964-жылы Ходжасто Хаменеи менен үйлөнгөн, анын төрт уулу жана эки кызы бар. Хаменеи фарсы, азер жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт, англис тилин да билет. Жаш кезинде футболго кызыккан, азыр болсо жөө сейилдөөнү жактырат. Ошондой эле Иран лидери поэзияга кызыгып, котормочулук менен алектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан