Ирандан 17 өлкөнүн 600дөн ашуун жараны Азербайжан аркылуу эвакуацияланды.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, алардын арасында Казакстан, Азербайжан, Орусия, Беларус, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Германия, Испания, Италия, Сербия, Румыния жана Португалия өлкөлөрүнүн жарандары бар. АКШнын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Кытайдын жана Вьетнамдын аз сандагы жарандары да эвакуацияланды.
Алардын айтымында, жүздөгөн адамдар Иранда калып, Азербайжан менен чек арадан өтүү кезегин күтүп жатышат.
Айта кетсек, Израил 13-июнга караган түнү Ирандагы объектилерге сокку ура баштады. Өлкө бийлиги алар Ирандын өзөктүк программасына чабуул жасаганын айтып, жооп соккусунан улам өзгөчө кырдаал жарыялады.