Унаада бара жатып асманга ок чыгарган жашы жете элек уландар кармалды (видео)

Чүй облусунда курал менен ок чыгарып, коомдук тартипти бузган автоээнбаштык аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 16-июнда социалдык тармактар аркылуу жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө ак түстөгү Hyundai Sonata унаасынын жүргүнчүсү ок атуучу куралды көрсөтүп, абага ок чыгарган видеотасма табылган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери унааны Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүнөн токтотушкан, ал унаасын ижарага бергендиги аныкталды. Жыйынтыгында унааны ижарага алгандар аныкталып, 2008-жылы туулган жашы жете элек У.Э., С.С. жана М.Б. аттуу жигиттер Ысык-Көл облустук тергөө кызматына жеткирилди.
"Жаш өспүрүмдөрдүн бири унааны ижарага алып, 8-июнга караган күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Ак-Жол май куюучу бекеттин жанынан өтүп бара жатып, унаанын жүргүнчүсү терезеден башын чыгарып, пневматикалык тапанча менен абага эки ирет ок чыгарган. Өспүрүмдөр мындай аракет менен социалдык тармактарга таасирдүү сүрөт жана видеоматериалдарды жарыялоо максатында ижарага алышканын билдиришкен. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Blowback PM49 үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча жана ок-дарылар алынган. Учурда баллистикалык экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштери уланууда.
Унаада бара жатып асманга ок чыгарган жашы жете электер кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан