
Ош шаарынын мэри
Жеңишбек Токторбаев үч эмди тарбиялап жаткан үй-бүлөгө мэриянын атынан 3 бөлмөлүү батир белек кыларын аймактарды кыдыруу учурунда убадалады.
Шаар башчысы үч эмдин апасы менен жолдон баарлашып, бийлик тарабынан көрсөтүлгөн жардамына кызыкты.
Келин өз учурунда 30 миң сом мэриядан алгандыгын айтып, учурда Ак-Тилек кичи районунда жолдошунун ата-энеси менен жашаарын билдирди. Бул үй-бүлө үч эмден сырткары 1 кыз, 5 уулду тарбиялап жаткандыгы белгилүү болду.