Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар министрлер президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришти.
Алар: саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов, агартуу министри Догдуркул Кендирбаева, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, коргоо министри Руслан Мукамбектов.