Садыр Жапаров: "Трибунадан берген антыңыздарды унутпаңыздар" (видео)

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бир катар министрлер ант беришти.

Өлкө башчысы министрлерди берген анттарын унутпоого чакырып, өз тармактарын өнүктүрүү башкы милдеттери экенин эске салды.

"Ушул тармакты алдыга жылдырып, өнүктүрөт" деген ишеним менен сиздерди министр кылып отурабыз. Трибунадан берген антыңыздарды унутпаңыздар. Биздин эл берилген антка катуу маани берет. Жакшы иштесеңиздер калкыбыз тегиз алкайт.

Жеке керт башыңарды ойлоп, жемкорлук менен алектенсеңер эл-журтка жаман атыңар калат. Албетте, туура эмес иш жасасаңар мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 18.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан