Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Бишкекте жогорку класстын балдары тарабынан зордукталган делген окуучунун иши каралбай жатканын айтып чыкты.
"3 бала 1-класста окуган баланы 5 жолу зордуктап кетиптир. Муну бүгүнкү күнгө чейин Биринчи Май РИИБ толук кандуу карабай жатыптыр. Маевкада болгон окуя боюнча балдарды коё берип салышты. Керек болсо видео далил бар экен",- деди депутат.
Эл өкүлү Ички иштер министрлигин балдарга карата жасалган зомбулуктарда керектүү иштерди алып барууга чакырды.
Айта кетсек, кечээ, 18-июнда социалдык тармактарда Бишкектин Маевка айылындагы мектепте 1-класста окуган баланы 5-8-9-класстын балдары зордуктаган деген маалымат тараган. Биринчи Май райондук милициясы фактыны тастыктап, шектүү катары 16 жаштагы өспүрүм кармалганын билдирген.