Өлкөнүн энергетика тармагында техникалык жабдуулар күйүп кеткен же иштен чыккан учур катталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Кечээ, бүгүн кыска мөөнөттүк өчүрүүлөр болду. Биздеги ыкчам маалыматтар боюнча, автоматика иштеп кетип, каскаддык түрдө өчүрүүлөр болду. Керектөөчүлөрдү кайра кошуу этап менен жүргүзүлүп, убакыт талап кылынды. Азырынча так себеби белгисиз. Расмий маалымат кийинчерээк берилет",- деди Керимов.