АКШ президенти Дональд Трамптын командасы Иранга каршы аскердик чабуулга катышууга макулдук бергенин белгилүү журналист Сеймур Херш маалымдады.
Ал айткандай, Ак үй Иранды бомбалоо боюнча кеңири планды жактырган, бирок азырынча расмий буйрук бериле элек.
Трамптын максаты — Иранды өзөктүк программадан баш тарттырууга аракет кылуу.
Эгер чабуул башталса, негизги бута болуучу аймактар:
Axios сайты жазгандай, Трамп чабуул болордон мурда бул бомбалар заводду чын эле жок кыла алабы же жокпу деген кепилдикти аскер жетекчилеринен талап кылууда. Ошондой эле ал кеңири масштабдуу согушка аралашпай, Иранга так жана чектелген соккулар менен гана чектелүүнү каалап жатат.
"Иран менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Ошондуктан президент алдыдагы эки жуманын ичинде акыркы чечимди кабыл алат",- деди Ак үйдүн расмий өкүлү Кэролайн Левитт.
АКШнын талабы:
АКШ азырынча Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын белгиледи, бирок толук маалыматты жарыялаган жок.