Америкалык рэпер P.Diddy'нин соту эрте бүтүшү мүмкүн

Америкалык рэпер Шон Комбстун (P. Diddy) соттук ишине төрагалык кылган судья Арун Субраманьян сот процесси 4-июлга чейин аяктай турганын билдирди.

People басылмасынын маалыматына караганда, репер сотто өз иши боюнча көрсөтмө бербейт. Комбстун соту азыр алтынчы жумада, бул арада анын коргоочулар тобу үч жолу сотту токтотууну суранган.

P. Diddy'нин соту май айында башталган. Рэпер рэкетчилик, адам сатуу, сексуалдык зордук-зомбулук жана аялдарды сойкулукка тартуу сыяктуу беренелер менен айыпталууда.

Судья Субраманьян буга чейин сот процесси кеминде сегиз жумага созуларын айткан эле.

Эске салсак, Шон Комбс өткөн жылдын сентябрь айында кармалып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан