Өзбекстандан Тамчыга учак каттай баштады (видео)

Fly Kiva авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын аткара баштады. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда "Кыргызстан аэропорттору" билдирди.

Кечээ, 22-июнда алгачкы учак “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна келип конду. Жүргүнчүлөрдү ташуу 10-августка чейин жүргүзүлөт.

"Бул багытта каттамдардын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрөт. Билеттерди авиакассалардан сатып алууга болот",- деп айтылат маалыматта.

Ташкенттен Тамчыга аба каттамы ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан