Көк-Жардагы массалык мушташ: Эки жаран кармалды

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Куйручук көчөсүндө мушташкан жарандар кармалышты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө жарандар мушташып жаткан видеотасма аныкталды. Бул факт каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштери башталды.

Алдын ала текшерүүнүн алкагында Бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинин (Майда бейбаштык) негизинде мушташка катышкан жарандар — 1989-жылы туулган И.Т. жана 1999-жылы туулган К.И. кармалып, райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан