Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өлкөсү Иран менен ок атышууну токтотууга макул болгонун Associated Press басылмасы кабарлады.
Нетаньяху Израил Иранга сокку урууда өз максаттарына жеткенин айтат.
Мунун алдында Иран Израилге каршы согуштук аракеттер токтотулганын билдирген.
Айта кетсек, бүгүн, 24-июнда АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосунда ок атышууну толук токтотуу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган.
Ал Израил менен Иран 12 күндүк согушту 24 сааттан кийин расмий түрдө токтото турганын белгилеген. Америкалык лидердин айтымында, ок атышууну биринчилерден болуп Иран токтотсо, Израил 12 сааттын ичинде бул келишимди ишке ашырмак болчу.