АКШнын Бостон шаарындагы федералдык соттун судьясы Эллисон Бэрроуз президент Дональд Трамптын чет өлкөлүк студенттерге каршы киргизген чектөөсүн токтотуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, бул чектөө чет элдик студенттерге, анын ичинде Гарвард университетине окууга келгендерге, өлкөгө кирүүгө уруксат бербей турган болчу.
Судья Бэрроуз бул чара "академиялык эркиндикке жана ой-пикир билдирүү укугуна коркунуч жаратат" деп билдирди. Ал муну "абройлуу окуу жайлардын ишине кийлигишүү" деп мүнөздөдү.
Трамптын администрациясы Гарвард жана башка университеттерди, айрыкча Палестинага колдоо билдирген студенттердин протесттери жана диверсити (ар түрдүүлүк), теңдик жана инклюзия программалары үчүн федералдык каржылоону токтотуу менен коркуткан.
Бул жагдайда АКШ өкмөтү атайын "Антисемитизмге каршы күрөшүү боюнча жумушчу топ" түзгөн. Трамптын администрациясы Гарвардга бөлүнгөн 2,2 миллиард доллар каражатты жана 60 миллион долларлык келишимди токтотууну чечкен.
Гарвард университети бул аракетти мыйзамсыз деп, сотко кайрылган. Сот бул чараны негизсиз жана мыйзамга каршы деп таап, Трамптын чечимин токтотту.