Польша аптасына 4 жумуш күнүн ишке киргизүү үчүн эксперимент жасайт. Бул тууралуу Infor басылмасы жазып чыкты.
Польшанын миңдеген кызматкерлери эми айлык маянасын кыскартпастан, күнүнө 6 саат иштеп, үч күн эс алышат. Бул эксперименттин максаты адамдардын ден соолугун жакшыртуу жана өлкөдөгү демографиялык көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.
Эгерде иш берүүчүлөр бул долбоордон пайда көрбөсө, мамлекет аларга болжол менен 3 миллион доллар өлчөмүндө компенсация бере турганы айтылууда.
Ушул жылдын апрелинде Польшанын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык саясат министрлиги жумуш убактысын кыскартуу программасын жарыялаган. Жакында бул экспериментке катышкысы келген компанияларды тандоо башталат.
«Бул Чыгыш Европада жумуш аптасын кыскартууга багытталган алгачкы пилоттук долбоор болот. Ар бир иш берүүчү бул демилге кандай иштей турганын текшере алат», — деди эмгек министри Агнешка Джемянович-Бонк.
Экспериментте күнүнө 6 сааттык жумуш убактысын киргизүү, жумасына үч күн эс алуу же кошумча эмгек өргүүлөрдү сунуштоо каралууда.
Долбоордун так эрежелери жана шарттары 30-июнга чейин жарыяланат. Эксперимент 15-18 айга чейин созулат, анын жыйынтыгын көзөмөлдөө үчүн атайын эксперттик топ түзүлөт.