Бүгүн, 24-июнда коомдук тартипти одоно бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 23-июнь күнү социалдык тармактарда белгисиз жарандын сөгүнүп, унаанын айнегин таш менен талкалап салган видео тараган.
Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагынан 1982-жылы туулган Н.Н. аттуу шектүү аныкталып, кармалган.
Тергөө кызматына жеткирилип, КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Эске салсак, буга чейин "Бакиевдер да түбүмө жете алган эмес, мен басмачымын", - деген жаран боюнча ИИМ билдирүү жасаган.