Кечээ, 25-июнда Орусиянын Камышлов районунун Свердлов айылында 20 жаштагы келин бир айлык ымыркайынын ыйлаганына ачууланып өлтүрүп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, келин ымыркайын күчү менен диванга ыргытып жиберген, натыйжада ымыркай мээсине жаракат алып каза болгон. Андан соң күйөөсүнө "мен жакшы эне боло албадым, жаманмын",- деп кат жазып качып кеткен.
Келинди полиция кызматкерлери автобекеттен кармашып, полиция бөлүмүнө жеткиришти. Жаш келин кылмышы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.