Кытайда катуу суу ташкыны: 80 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Кытайдын түштүк-батышындагы Гуйчжоу аймагында катуу жааган жаандан жана суу ташкынынан улам унаалар сууга агып, олуттуу зыян алып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 80 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Дулиу дарыясындагы суу деңгээли кооптуу чекке жетип, 6,68 метрге жогорулады. Жунцзян жана Цунцзян райондорунда биринчи деңгээлдеги – максималдуу реакция режими жарыяланды.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо күчтүү суу агымы жолдогу автоунааларды агызган көрүнүштөр түшүрүлгөн. Бул кырдаал унаа ээлерине чоң чыгымдарды алып келүүдө. Сууга чөккөн автоунааларды оңдоо абдан кымбат жана көп убакытты талап кылат. Айрымдар чыгымдардын бир бөлүгүн кайтаруу максатында унааларын аукцион аркылуу сатууга аракет кылып жатышат. Бул тема социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Мындай учур буга чейин АКШда да болгон. Хелен жана Милтон бороондорунан кийин Флоридада миңдеген унаа суу алдында калып, алардын көпчүлүгү арзан баада аукционго коюлган. Алардын арасында жөнөкөй седандардан баштап кымбат спорткарларга чейин болгон.

Азырынча Гуйчжоудагы унаа ээлери тарткан зыяндын расмий суммасы айтыла элек.

Кытайдагы сел
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан