Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сойкуканаларды уюштуруучулардын ири тобун колго түшүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында мурда аныкталган сауналарда, конок үйлөрүндө, жеке менчик батирлерде тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 50дөн ашык кыздын интимдик кызмат көрсөткөндүгү аныкталган. Тергөө маалында кармалган кыздардын баары интимдик кызматтарды жана сойкуканаларды уюштургандарга карата көрсөтмөлөрдү беришкен.
Натыйжада, интимдик кызматтын жана сойкуканалардын уюштуруучулары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар:
К.А.А. (1987-жылы туулган) социалдык тармактар аркылуу элиталык интимдик кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу;
М.Э.М. (1975-жылы туулган) "Инь Янь", "Банный двор", "Кристалл" сауналарынын жана "Рандеву" конок үйүнүн кожоюну;
П.Л.Е. (1995-жылы туулган) "Инь Янь" саунасынын администратору;
К.Н.В. (1990-жылы туулган) чет өлкөнүн жараны, "Guest House" саунасынын администратору.
Интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга карата административдик айыптар салынып, Бишкек ШИИБинин каттоо тизмесине алынды.