АКШда 3 жашар бала конокко келген 19 жаштагы жигитти кокусунан атып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя Жоржия штатынын Хирам шаарында болгон. Анда ушул аптанын биринчи күнүндө 19 жаштагы Кабрел Паттерсон таанышыныкына конокко барган. Таанышынын 3 жашар баласы аны тапанча менен атып алган.
Чакырылган дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Тапанча каза болгон жигитке таандык болгон.
Укук коргоо органдары окуяны иликтеп жатышат. Алар баланын куралга кандайча ээ болушу мүмкүн экенин да иликтеп жатышканы айтылды.