Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагында 3,3 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалым болгондой, аталган жер аянты мурдагы автотрактордук ишканага таандык болгон.
Көрүлгөн чаралардын негизинде базар баасы 55 миллион сомдон ашык болгон жер тилкеси 4 имаратты менен кошо мамлекетке кайтарылды.