Кечээ, 26-июнда журналист Ыдырыс Исаков Facebook баракчасында "Нарын кайрадан уйкуга аттанды" деген билдирүү менен видео жарыялады.
Ал УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына келер алдында жол оңдоо иштери кызуу жүрүп жатканын белгилеп өттү.
"Жолдорго суу чачылып, техникалар жайнап эле калган. Бирок бүгүн эч ким жок. Чоңдордун баары кетти, бул жакта техникада жок, адам да жок",- деди ал.
Эске салсак, социалдык тармактарда Нарындын каралбай калганы тууралуу ыр тарагандан кийин кызуу талкуу жараткан. Мындан улам Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарын шаарына келип, облустагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.
Социалдык тармактарда УКМК жетекчиси Нарынга барар алдында жолдор түнү менен жасалып жаткандагысы тартылган видеолор тараган болчу.