Кадамжайда милиция кызматкерлерине кол салууга шектүү жарандар кармалышты

Кадамжайда милиция кызматкерлерине кол салууга шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБи бүгүн, 30-июнда билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-июнда саат 19:30да болгон. Анда жол коопсуздугун көзөмөлдөө маалында мас абалда унаа башкарып бара жаткан 34 жаштагы жаран токтотулган.

Анын жанында эки айылдашы болгон. Алар милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен орой каршылык көрсөтүп, кол салышканы айтылат.

Шектүүлөр дароо кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Медициналык кароо учурунда алардын спирт ичимдигин ичишкени тастыкталды.

Жабыркаган милиция кызматкерлери соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, алардын жаракат деңгээли аныкталууда. Окуя боюнча күбөлөр суралып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесине ылайык (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) кылмыш иши козголду. Кадамжай райондук сотунун чечими менен алар 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан