Германиянын Төмөнкү Саксония аймагындагы Оснабрүк шаарында Экинчи дүйнөлүк согуштан калган бомба табылып, 20 миңге жакын тургун үйлөрүн убактылуу таштап кетүүгө мажбур болушат. Бул тууралуу шаардын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бомба кечээ, 30-июнда шаардагы Локфиртель районунда курулуш иштерин көзөмөлдөө маалында табылган. Аны бүгүн, 1-июлда шейшемби күнү зыянсыздандыруу пландалууда.
"Бардык тургундар 1-июлда саат 15:00гө чейин эвакуация аймагынан чыгып кетиши керек. Бул чара 13 миң турак жайдагы болжол менен 20 миң адамды камтыйт",- деп айтылат шаардык мэриянын билдирүүсүндө.
Эвакуация аймагында эки оорукана, анын ичинде балдар ооруканасы, шаардык темир жол бекети жана мектептер бар.
Буга чейин, 17-июнда да Оснабрүк шаарында ушундай эле бомба табылып, 11 миңдей адам эвакуацияланган. Ал учурда да бомба курулуш иштеринде табылып, шаар борбору да кооптуу аймакка кирген.
Маалымат үчүн: Германияда Экинчи дүйнөлүк согуштан калган жарылбай калган бомбалар мезгил-мезгили менен табылып турат. Коопсуздук максатында шаар тургундары убактылуу эвакуацияланып, бомбалар атайын кызматтар тарабынан зыянсыздандырылат.