Эртең, 2-июлдан тарта Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия бүгүн, 1-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, Лев Толстой көчөсүнүн Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын бурулушунан Манас проспектиине чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери башталат.
Буга байланыштуу аталган тилке 2-сентябрга чейин унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылат.