Европа Биримдигинин төрагалыгы Данияга өттү

Европа Биримдигинин 6 айга созулган кезектеги төрагалыгын Дания өзүнө алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул мөөнөт ичинде Даниянын негизги көңүл бура турган багыттары - коргонуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, жашыл энергетикага өтүү, миграция маселеси жана уюмду кеңейтүү болот.

Европа Биримдигинин төрагалыгы мүчө мамлекеттер арасында ар 6 айда бир ирет алмашып турат. Бүгүнкү күндөн тарта бул милдетти 1-январдан бери төрагалык кылып келген Польша расмий түрдө Данияга өткөрүп берди.

Даниянын төрагалыктагы расмий урааны - "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө күчтүү Европа" деп жарыяланды.

Копенгаген төмөнкү приоритеттерге көңүл бурат:

  • Европанын коргонуу тармагында стратегиялык көз карандысыздыкка жетишүү;
  • Европа өлкөлөрүнүн дүйнөлүк базарларда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
  • 2050-жылга чейин көмүр кычкыл газын нөлгө түшүрүү максатына жетүүгө көмөктөшүү;
  • Тартипсиз миграция менен күрөшүү;
  • ЕБнин мүчөлүгүн кеңейтүү.

Дания төрагалыкты 2026-жылдын 1-январында Кипрдин грек администрациясына (Түштүк Кипр) өткөрүп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан