Дүйшөмбү күнү, 30-июнда Мексиканын Сан-Педро-Уамелула шаарында салтанаттуу жана абдан кызыктуу азем болуп өттү. Шаардын мэри Даниел Гутьеррес крокодилге үйлөндү.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жергиликтүү салт боюнча мындай нике Мексиканын түштүгүндө жайгашкан шаарга береке жана молчулук алып келет деген ишеним бар.
"Бул тарыхый учур жана жыл сайын болуп турат. Бул эки шаарды, эки маданиятты, эки жамаатты бириктирген майрам", - деген мэр.
Белгилей кетсек, эки жыл мурун ушул шардын ошол учурдагы мэри Виктор Уго Соса да крокодилге үйлөнгөн.