Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсү кеңейтилип, эски теректер алынып, алардын ордуна клён бактары отургузулду. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Жолдун эки тарабында жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар жана өзүнчө веложол курулду. Натыйжада проспект шаардыктар сейилдеп баса турган аймакка айланды. Бул долбоорду президенттин иш башкармалыгы ишке ашырды. Жакында жол расмий ачылат. Ошондой эле кечкисин унаа кыймылы үчүн жабылып, элдердин сейилдөөсүнө шарт түзүү планы да каралууда", - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Ошондой эле Орунбеков аталган көчөндө кечинде тартылган видеону жарыялады.