Кечээ, 1-июлда журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин 25-июнда Нарынга барып жыйын өткөргөндө тартылган видеосун жарыялады.
Ал муну интернет желесинде Ташиев барып кеткенден кийин жолдо жумуш 2-3 күн гана жүрүп, кайра токтоп калды деген кептер себеп болгону менен түшүндүрдү.
Буга чейин Нарындын абалы ыр менен айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Мындан улам УКМК төрөгасы Нарын шаарына барып, министрлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн. Ал облуска барар алдында социалдык тармактарда аймактагы жолдордун оңдолуп жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк социалдык тармактарда Ташиев кетери менен аймакта иш жүрбөй калганы тууралуу маалымат жарыялана баштады. Ал тургай интернет желесинде Нарындын көйгөйү кайрадан ырга салынып айтылган видео да тарады.
Рахманов жарыялаган видеодон Ташиев былтыр Нарын облусу боюнча оңдоло турган жолдордун 20 пайызы гана аткарылганын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерди жемеге алганын угууга болот. Атайын кызматтын башчысы ошондой эле облус боюнча быйыл канча чакырым жол пландалганы тууралуу маалымат алып, анын аткарылышын өз көзөмөлүнө аларын белгилеген.
Мындан тышкары, Ташиев транспорт министри Абсаттар Сыргабаевден Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрү тууралуу маалымат алган. Сыргабаев Шералиев көчөсү августун 10на чейин толук бүткөрүлөрүн, ал эми Ленин көчөсү сентябрь айынын аягында бүтөрүн айткан. Ташиев эки көчөнүн жолунун курулушунун кечеңдешине ачууланып, подрядчы "Бета Групп" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырган. Ал облус жетекчилигине компаниянын жетекчисин таап, жолдогу столбага тамак бербей байлап коюу сунушун айткан.
Жыйындын жүрүшүндө УКМК жетекчиси Сыргабаевге транспорт министри катары жолдо чуркап турууга кеңеш берген. Ташиев ошондой эле шаардагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирлердин курулуш иштеринин жай жүрүп жатканына нааразы болгон. Ал бул үчүн курулуш министи Нурдан Орунтаевди жемелеген.
Атайын кызматтын башчысы жыйында ал облуска келет дегенде жолдордун түнү менен жасалганы тууралуу маалыматты тактоого да жетишкен.