Кыргызстандын кооз тоолорун, жайлоолорун видеого тартып жарыялап, өзүн "чабан бала" деп тааныткан жигиттин видеолору акыркы күндөрү интернет желесинде көрүүчүлөрдү көп чогултуп, жактырууларды жана жакшы комментарийлерди чогултууда. Кээ бирлери "Баракелде!", "Кыргызстандын кооз жерлерин дүйнөгө тааныта бер" деген сыяктуу мактоолорун жазышса, айрымдары "кооз жерлерди көрүү үчүн жаныңызга барып чабан болот окшойм" деген сыяктуу тамаша аралаш пикир жазгандары да бар.
Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган жигиттин аты-жөнү Өмүрбек Абдыкадыров. 1999-жылы Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. Жети бир туугандын экинчиси. Учурда үй-бүлөлүк бизнес болгон мал чарбачылык менен алектенүүдө. Биз "чабан бала" менен байланышып, анын жайлоодогу жашоосуна кызыгып көрдүк.
- Саламатсызбы, Өмүрбек мырза? Алгач өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз, анткени көпчүлүк сизди "чабан бала" деп эле тааныйт.
- Саламатсыздарбы! Ооба, мен ар бир видеодо "чабан балаңарда ушундай жаңылык" деп, өзүмдү ошентип тааныткам. Учурда 26 жаштамын. Авлетим айылындагы Асанбек Кабаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебин аяктагам. Андан кийин Бишкектеги мамлекеттик Юридика университетине тапшырдым. Бакалаврды аяктаган соң Баткенге 1 жылга армияга бардым. Ал жакта Баткен коогалаңына катышып калдым. Учурда Авлетим жайлоосунда асыл тукум койлорду көбөйтүп, мал чарбачылык менен алектенип жүрөм. Бул биздин үй-бүлөлүк бизнесибиз десем да болот.
- Армияга бардым деп калдыңыз, ал жактагы күндөрүңүздү эстесеңиз. Кандай кыйынчылыктар болгон?
- Жогорку окуу жайды аяктаган соң, мекенди коргоо милдетимди аткарайын деп армияга барууну туура көрдүм. Атайын багыттагы "Бөрү" отрядынын тарыхтагы биринчи жоокерлери болгонбуз. Армияда жүргөн кезде кыргыз-тажик чек арасында ызы-чуу чыгып, мекенди коргоо насип кылган экен.
Жоокер болуп жүргөн күндөрүмдү эстесем, эми биринчи ай бир аз кыйын болот. Эненин мээримин, тамагын сагынып башкача болот. Кийин көнүп кеттик, адам көнбөгөн нерсе жок дешет го. Мекен менен эсептешпегенди, анын кадырын үйрөндүм. Жакшы күндөр өттү. Айтып отурсам сөз узап кетет, кыскача айтсам, кайра баруу керек болсо барат болчумун.
- Сонун! Блогерликке кызыгуу кантип пайда болду?
- Блогерликке атайын кызыгуу деле болгон эмес. Мал боюнча жарнама кылып койчумун. Күнүмдүк турмушту, тоолорду тартып киргизип жүргөм. Ошентип баракчам күйөрмандарын тапты.
Негизи тоого чыкканда ар түрдүү кооздукка күбө болобуз. Айрыкча күн чыгып жатканда же батып жатканда өзгөчө көрүнөт. Андан сырткары, жайлоодо ар түрдүү жаныбарларды көрөбүз. Аларды көргөндө видеого тартпай коё албайсың. Ошолорду тартып киргизип жатып эле баракчама катталгандар көбөйдү.
- Баракчаңызды карасам мурун башка жумуш менен алектенчү экенсиз, бут кийим сатып. Же дүкөндү жарнама кылчу белеңиз?
- Ооба, буга чейин көп эле жумуш кылып көрдүм. Бут кийим сатып иштедим, цех иштетип көрдүм. Анан тоонун койнунда чоңойгон адамды тоого тарта берет экен. Ошентип жайлоого келип мал чарбачылык менен алектенип калдым. Мындан сырткары, сезондук жумуштар менен чет өлкөгө чыгып турам. Жайлоо сезону бүткөндө Англияга 6 айга барып иштеп келем.
- Бөлүшкөн видеолоруңуздун айрымдарында орусча, англисче да сүйлөп киргизет экенсиз. Тил үйрөнүү тажрыйбаңыз менен да бөлүшө кетсеңиз.
- Негизи кыргыз тилдүү контент жасаганга басым кылам. Бирок кээде орус, англис тилдеринде сүйлөп киргизем. Анткени жеке катка чет өлкөлүктөр "Бул кайсыл жер?" деген суроо менен кайрылгандар көп болгондуктан, түшүнүктүү болсун деп 2 тилде түшүндүрмө берип кетем.
Орус тилин мектептен үйрөнгөм. Англис тилин да мектептен окуган боюнча эле, аябай жакшы билбейм, бирок түшүндүрүп бере алам.
- Табияттын кооздугун, тоолорду тартып киргизип ички туризмди жайылтууга да салымыңызды кошуп жатыптырсыз. Видеолоруңузга "баргым келди" же "барам сөзсүз" деп жазгандар көп экен. Алардын катарында айрым белгилүү тревел-блогерлер да бар экен. Бул убакытка чейин баргандар болдубу?
- Барып эс алып кетсем болобу деп жазгандар көп. Алар үчүн ыңгайлуу болсун деп жайлоодогу айрым үйлөр менен сүйлөшүп койдум. Азык-түлүгүн көтөрүп келишип, сүйлөшүлгөн үйлөргө бир аз тыйынын берип эс алып кетишсе болот. Кыргызда "кел демек бар, кет демек жок" деген сөз бар го. Ошол сыңары эле келгиси келгендерге келгиле дейбиз. Келип табяттын койнунда эс алып кетишсе биз да сүйүнөбүз.
Блогерлер келип, жаратылыштын кооздугун тартып, бөлүшүшсө да кубанмакпыз. Анткени, аларды миңдеген эл көрөт, балким чет өлкөдөн көрүшөт. Ушундай кооз жерлерибизди тартып киргизсек ички туризм өнүгөт беле дейм.
- Сиз тарткан видеолордо жапайы жаныбарлар, анын ичинен Кызыл китепке киргендери да бар экен. Айтсаңыз, аларды көргөндө кандай сезим болот?
- Ал жаныбарларды көрүү баарына эле насип болбойт экен. Ошого алдыбыздан чыгып калса, көргөнүбүзгө кубанабыз. Куралы жок адамдын алдына чыгат булар да. Замандын талабына жараша алар да акылдуу болуп баратышабы дейм кээде.
Мурун адамдарды алыстан көргөндө эле качышат эле. Видеого тартканга да жетишпей калчумун. Ал убакта аңчылык көп эле да. Азыр болсо анчалык чочубай калышыптыр. Кенен эле оттоп жүрүшөт.
- Анда-санда ыр жазып койгон да талантыңызды байкадым.
- Болуп турат кээде. Жаратылыштын кооздугун көрүп ар түрдүү ойго батабыз. Ошол кооздуктар, абанын тазалыгы дем берип, 4 сап ыр жазып коём. Балким, Токтогулдун кесесинен суу ичип калганымда төкмө акын болуп кетмекминби, ким билет?
- Бали! Кыргызстан сиз үчүн ... Сүйлөмдү толуктап 4 сап ыр кураштырып көрбөйсүзбү?
Кыргызстан сиз үчүн эмне деп сурасаңыз,
Айтайын бул менин кооз мекеним.
Пейили таза, меймандос элим,
Жараткан берген ааламда жок бейиштей жерим.
Чарчасаң эс алдырган арча-токой тирегим,
Барсбек, Курманжандан калган эң чоң белегим.
Анда эмесе кеп төркүнүн айтайын,
Кыргызстан - мен үчүн киндик кан тамган жерим.
- Баракелде! Талантыңызга таазим! "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген макалга төп жигит экенсиз. Күнүмдүк жашооңузду тартып киргизген видеолоруңузда "жеңелердин кулагына күмүш сырга" деген рубрикаңыз бар экен.
- Рахмат! Чоң рахмат! Жеңелердин кулагына күмүш сырга деп тамашалап эле кошуп коём негизи. Жайлоодо машинага кир жууш деген жок да, колго кир жууганда, идиш жууганда айрым лайфхактар менен бөлүшүп жатып, сөздөн-сөз чыгып "байкелер жеңелерге көрсөтүп койгула" деп коём. Кыргызстандагы жеңелер мени жаман көрүп калышкандыр деп ойлонуп калам кээде.
Жеңелер, таарынбаңыздар! Чабан балаңар тамашалайт жөн эле.
- Андан сырткары, идиштерди күл менен дезинфекция кылган, күн сайын табитти ачкан түрдүү тамактарды жасап, казанга нан бышырып, "беш жылдыздуу Улуу-Төр мейманканасынын Ачык асман кафесине "швед столун" даярдадым" деп киргизген видеолоруңузду да көрүп аябай таң калдым.
- Ал эми күнүмдүк жашообуз да, тамак жасаган, кир жууган. Идиштерди күл менен дезинфекция кылганды болсо армияда жүргөндө ашканага нөөмөттө туруп калганымда үйрөнгөм. Жайлоодо мал карап жүргөндө тазалыкты да сактаганга аракет кылам.
Улуу-Төр - Авлетим жайлоосундагы сайдын аты. Ошол жерде жашап жатканым үчүн "Улуу-Төр мейманканасы" деп коём.
- Көпчүлүк "келинчек" эле жетпей турат бул жигитке деп жазышат экен. Бир видеоңузда болсо жакында болуп каларын кыйытып кетиптирсиз. Той жакында окшойт, көздөп жүргөн адамыңыз барбы?
- Үйлөнүү темасы боюнча, буюрган болсо күзүндө деп жатам. Болбой калса жазында деп пландап койдум.
- Келечекке койгон пландарыңыз менен да бөлүшө кетсеңиз.
- Ички туризмге салым кошуп, мекендин кооздугун көрсөтүү. Өзүбүздө туризм өнүксө, карапайым калк иш менен камсыз болот эле, айрыкча айылда жашагандарга жакшы шарт түзүлмөк.
Андан сырткары, олуттуу темаларды да көтөрүп чыккым келет. Азырынча тоодо жүргөнүм үчүн тоонун эле контенти болуп жатат.
- Олуттуу тема демекчи, тазалык темасын кез-кезде көтөрүп чыгат экенсиз. Тоодон да, шаардан да тарткан видеолоруңузду көрдүм.
- Ооба, бул өтө орчундуу тема. Эс алган жерлеринде таштанды таштап кеткен уят да. Видеодон көрсөңүз керек, тоонун башына таттуулардын кагаздарын таштап кетишкен. Мекенди сыйлай билсек, барктай билсек, таза кармасак туристтер да суктанып келишет. Ошентип туризм өнүгөт. Кооз жаратылышыбыз бар, ошону сактай билишибиз керек.
- Туура айтасыз. Алдыга койгон пландарыңыздын ишке ашуусуна тилектешпиз. Убакыт бөлүп маек куруп бергениңизге чоң рахмат! Саламатта болуңуз!